Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө өлкөлөрдүн VI саммити башталды

13.10.2022 10:54
270
Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө өлкөлөрдүн VI саммити башталды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, ушул күндөрү Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI Саммитинин катышуучулары менен учурашуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эгемендүүлүк сарайында мүчө-мамлекеттердин, байкоочу-мамлекеттердин, байкоочу уюмдардын, өнөктөш уюмдардын делегация башчыларын, ошондой эле АӨИЧК конокторун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин АӨИЧК Саммитинин ачылышы болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн