Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 03:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Ат-Башыда Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленет

04.08.2022 09:05
1363
Ат-Башыда Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленет

6-август Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда алп акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, иш-чарынын алкагында этнофестиваль, кыз-куумай, буюмдар көргөзмөсү, улуттук даамдар жарманкеси жана концерттик программа өтөт.


Эске салсак, Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары Кеңеш доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп болгон.


Белгилей кетсек, сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин Жогорку сот тарабынан акталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн