Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ат-Башыда блокпосттордон бейтаптар, кош бойлуулар гана өтүүдө (фото)

29.04.2020 15:44
984
Ат-Башыда блокпосттордон бейтаптар, кош бойлуулар гана өтүүдө (фото)


Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Улан Аалиев райондогу блокпостордун жана фильтрациялык посттордун абалы менен жеринде таанышты, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.


Аталган посттордо тиешелүү кызматкерлер күнү-түнү автоунаалардын кыймылын жөнгө салып, жөө жүргүнчүлөрдүн саламаттыгы жана жугуштуу оорунун очогу болуп жаткан Ат-Башы районунун элине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.


Ар бир коюлган посттордон айылдан район борборуна бейтаптар жана кош бойлуу айымдар эч тоскоолдуксуз өтүшүүдө. Ошондой эле карапайым калктын муктаждыгы үчүн гуманитардык жардамдар, күйүүчү май, азык-түлүк, дары-дармектер жана жазгы талаа иштерине керектелүүчү буюмдар да өз убагында айылдарга жетүүдө, деп билдирди аймактык комендатура.


Комендант ар бир посттогу абалды текшерүү учурунда кызматкерлердин атайын коргонуучу кийимдерин, санитардык тазалыгын, тамак-ашына чейин көңүл буруп, жеке коопсуздукту сактоону баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн