Бүгүн, Ат-Башы районунун айрым тургундары логистикалык борбор курууга каршы акцияга чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, райондук админстрациянын алдына чогулган 20дай киши борбордун долбоорун элге көргөзүүнү талап кылышты. Алар эгерде логистикалык борбор курулса, эл жайытсыз калышы мүмкүн деп тынчсызданышууда.
Алар акцияны 24-июнда да улантарын айтышты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн