Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:40
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Ат-Башыда туризмди өнүктүрүү форуму өттү

06.05.2021 08:43
2390
Ат-Башыда туризмди өнүктүрүү форуму өттү

Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаровдун демилгеси менен  районубузда туризмди өнүктүрүү, чет жерден келген конокторго шарт түзүү, райондун экономикалык абалын жакшыртуу максатында форум болуп өттү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамалкеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди.


Форумга Бишкек шаарынан белгилүү туризм борборлорунун өкүлөрү, облусубуздун туризм боюнча иш алып барып жаткан ишкерлери, айыл өкмөт башчылары жана ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.


Анда, туризмди өнүктүрүү, көйгөйлөр, туристтерди тартуу жолдору боюнча сүйлөшүүлөр болуп, сунуш-пикирлер айтылды. Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Ат-Башы районунан эки чоң долбоор презентацияланып, ишкерлерге сунушталды. Бири Ат-Башынын кире беришине чоң арка куруу болсо, экинчиси район борборуна туризм борборун ачуу боюнча болду. 


Жакынкы убакта туризм боюнча иш алып барган чоң компаниялардын менеджерлерин районго алып келип,  туристтерге көрсөтүүчү объекттерди тааныштыруу максатында атайын тур уюштуруу пландалды.  

Абасы таза Ат-Башы районунда бир канча тарыхый жерлер, кооз жайлоолор жана ошондой эле башка аймактардан өзгөчөлөнгөн  Чатыр-Көл, Көл-Суу, Көл-Төрүбүз бар.  Бирок мындай туристтерди тарта турган көп жакшы жерлерибиз бар болгону менен чет өлкөлүк туристтерди тартуу райондук денгээлде колго алынбай келген. 

Буга чейин биздин аймакка бирин-серин гана туристтер келсе дагы аларга эң жөнөкөй болгон шарттар түзүлгөн эмес.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн