Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 01:26
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Ата-эне жана имамга айып салынды. Сузакта милиция кызматкери жашы жете элек кыз менен никеге турган

Ата-эне жана имамга айып салынды. Сузакта милиция кызматкери жашы жете элек кыз менен никеге турган

Сузак районунда жашы жете элек кыз менен баш кошкон милиция кызматкери жумуштан бошотулуп, кыздын ата-энеси жана имамга айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Жалал-Абад областынын Сузак райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.


Текшерүүдө, нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу фактысы аныкталган. Алсак, Сузак районунун тургуну, 1994-жылы төрөлгөн Э.К. Сузак РИИБнүн кызматкери болгондугуна карабастан, Базар-Коргон районунун тургуну, 2005-жылы төрөлгөн жашы жете элек К.Х. менен баш кошушкан. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р. окуган.


 Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын апасы В.К., жолдошу Э.К. жана нике окуган дин кызматкери И.Р.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен айыптары угузулду. Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулду.


Учурда, кылмыш иши негизинен кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилип, кароо алдында турат.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн