Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Атазов: 240тан ашык мектеп авариялык абалда

18.05.2022 14:06
392
Атазов: 240тан ашык мектеп авариялык абалда

240тан ашык мектеп авариялык абалда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, авариялык абалдагы мектептерге жетиштүү көңүл бурулбай келет.


"240тан ашык мектеп өлкө боюнча авариялык абалда, аларды оңдоп – түзөөгө болбойт. Анткени, дээрлик жарактан чыгып калган. Бирок, ага карабай андай мектептерде окуу процесстери токтогон жок. Бул опурталдуу көрүнүш. Андыктан, коопсуздукту камсыздоодо алдын алуу чаралары күчөтүлүшү керек. Өлкө башчысы койгон талапка жараша, быйылкы жылы Бишкек шаарында 15 мектеп курулушу керек. Ал эми сентябрь айына саналуу эле убакыт калды. Тапшырма кандай орундалат, анын жоопкерчилигин ким тартат бардыгы Министрлер кабинетинин маалыматы угула турган күнү суралат", - деди Ш.Атазов.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн