Теке 06, 2024
Убакыт: 08:59
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Аткезчилик жоюлмайын экономиканы көтөрүү мүмкүн эмес, - Акылбек Жапаров

12.05.2020 14:30
1144
Аткезчилик жоюлмайын экономиканы көтөрүү мүмкүн эмес, - Акылбек Жапаров


Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүн, 12-майдагы кезектеги отурумунда депутат Акылбек Жапаров каржыны эффективдүү башкаруу, экономикалык тармактарын калыбына келтирүү жана каатчылык шартында тышкы карызды тейлөө боюнча өз сунуштарын берди.

 

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, эл өкүлү жыл аягына чейин 500 млн АКШ долларын түзгөн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондундагы каражатты толук пайдалануу зарылчылыгына токтолду.

 

Ошондой эле депутат көйгөйлөрдү чечүүдө көмүскө ишканаларды ачыкка чыгаруу, салык төлөөчүлөрдү мамлекеттик колдоо, санарип кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо багытында салык жараяндарын фискалдаштыруу тууралуу сөз кылды.


Алгылыктуу чаралардын катарында ишкердик субъектилерин текшерүүнү азайтуу менен жаңы жумушчу орундарын түзүүчү ишкерлер үчүн кошумча колдоолорду сунуштоо керек. Дагы бир маанилүү жагдай, импортко көз карандылык менен аткезчилик жоюлмайын экономиканы көтөрүү мүмкүн эмес”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн