Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аттестатын алуу үчүн үйдөн чыккан 16 жаштагы кызды кошунасы өлтүрүүгө шектелүүдө

22.06.2021 11:11
803
Аттестатын алуу үчүн үйдөн чыккан 16 жаштагы кызды кошунасы өлтүрүүгө шектелүүдө

Чүй облусунун Кемин районунда 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-июнунда болжол менен саат 17:15 чамаларында Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен жаш кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Кемин РИИБнин ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгып, денеге кароо жүргүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Кийин болжол менен саат 17:30 чамаларында Кемин РИИБне жергиликтүү Х.Л. аттуу аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда болжол менен саат 11:00 чамаларында чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган.

Милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Х.О. экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында каза болгон кыздын апасы суралып, үстүбүздөгү жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамаларында кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын алуу үчүн чыгып, болжол менен саат 10:59 чамаларында кошунасынын телефонунан чалып, сугат жумуштарын бүтөрүп алып, барарын айтып ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген.

Чүй облусунун ИИББнин жана Кемин РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, 2021-жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, кийин акча сураган учурда, ал кызга тийшип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда, коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин кошунасынын унаасын сурап, кыздын сөөгүн жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран Кемин РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн