Аяк оона 05, 2025
Убакыт: 01:44
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.072
1.100

Чаткал токой чарбасынын башчысы 5 млн сом пара менен кармалды

04.09.2025 18:29
27
Чаткал токой чарбасынын башчысы 5 млн сом пара менен кармалды


УКМК тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Токой кызматынын Чаткал токой чарбасынын башчысы Б.М.О. кармалды.


Атайын кызматтан билдиришкендей, 1-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган М.О.Б. "Алтын Белги" ЖЧКсынын директору Ж.у.А. аттуу жарандан 5 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалды.


Тактап айтканда, М.О.Б. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Чаткал районунун Чоң-Жайык жеринде алтын казуу боюнча "Алтын Белги" ЖЧКсынын ишин тоскоолдуксуз улантканы үчүн көрсөтүлгөн сумманы опузалап, болбосо мүлкүн камакка алуу жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутканы аныкталган.


Кармалган жаран УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.


УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөштү улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн