Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Августта күйүүчү майдын баасы 5 сомго кымбаттайт

22.07.2021 07:30
1587
Августта күйүүчү майдын баасы 5 сомго кымбаттайт

Өлкөдө июль, август айларында бензин жана дизель майына болгон баалар дагы жогорулашы мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, баалар 6 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүлүшү, тагыраагы 2 сомдон 5 сомго чейин кошулары күтүлөт.


Баалардын кымбатташынын негизги себеби Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорундагы баанын өсүшү. Июнь айынан июль айына чейин нефтини кайра иштетүүчү заводдордо бензиндин тоннасына болгон нарк 70 долларга, дизелдик отундун тоннасы 60 долларга көтөрүлдү. Бул бир литр бензинге 5 сом 50 тыйын, дизелге 4 сом 20 тыйын кошулат дегендик. Ошого карабастан өлкөдөгү май куюучу жайларда бензиндин литрине 16 сом 50 тыйын, дизель майы үчүн 12 сом 80 тыйын кошулган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн