Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Аялдар уюштурган митингдин артында коркунучтуу күчтөр бар, - Токтайым Үмөталиева

09.03.2021 12:22
4337
Аялдар уюштурган митингдин артында коркунучтуу күчтөр бар, - Токтайым Үмөталиева


Кечээ, 8-мартта өткөн “Аялдардын тилектештик маршы” деп аталган митингдин артында атайын жашынган күчтөр бар. Бул тууралуу укук коргоочу Токтайым Үмөталиева “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, бул митингдин артынан сөзсүз коркунучтуу элементтерди байкаса болот. Ал элементтин өзгөчөлүгү жыныстык жактан башкача көз караштагы адамдардын кызыкчылыгын коргоп кетүү болуп жатат.


“Зордук-зомбулук темасын жок кылыш үчүн биз ата-бабадан калган түпкү салттуулугубузду, нарктуулугубузду, улуттук касиеттерибизди кайра кайрып келишибиз керек. Эмнеге? Себеби, кыргыздын жашоосу энени, кызды, күйөө баланы, кудалыкты урматтоо философиясы менен байланыштуу болгон. “Кыздын кырк чачы улуу”, “Төрөгөн эненин алдында бейиштин төрү дайыма ачык” деп айтышкан илгери. Аял төрөгөндө кырк күн эч нерсе кылдырбай төркүнүнө жөнөтүп тыңытышкан. 52 күн өткөндөн кийин гана той өткөрүшкөн. Мына ушул салттарыбызды кайра кайрып келишибиз керек. Энеликти урматтоону туу катары көтөрүү зарыл болуп турат. Ошондой эле куда кудайдан, келин алладан келген үй-бүлөнүн учугун улай турган бүлөө деп өйдө караган эмес. “Керегем сага айтам келиним ук” деп бекер элде макал калган эмес. Улуттук касиеттүүлүктөргө таянып аялзатын, энеликти коргоо идеологияны кайрып келишибиз керек. Ошондо гана зордук-зомбулук жок болот”, - деп белгиледи Токтайым Үмөталиева.


Анын ою боюнча, дин тараптан дагы туура түшүнүк жок болуп жатат. Ошондой эле Кылмыш кодекстеринде одоно каталар бар. Азыркы кодекстер зордук-зомбулуктан сактай албайт. Алар кайра арыз жазган адамдарды кордукка салып, куугунтук институту болуп калды. Ошо нерсени жок кылуу маанилүү.


“Дагы бир жагдай, маданиятты оңдоо абзел. Кыргыз тилинин күчүн жогорулатыш керек. ЮНИСЕФ таратып жаткан ар кандай мааниси коркунучтуу, бала бакчадан жыныстык жактан тарбия деген нерселерди киргиздиргенге тыюу салып, китептерин түп тамырынан жок кылуу керек. Себеби үй-бүлөлүк касиеттүүлүүкө сокку ура турган документ болуп саналат. Европада андай таңууланган нерсе жок. Ансызда азыр жаштар үй-бүлө күтүүдөн, үй-бүлөлүк касиеттерди сактоодон кача баштады. Биздин сан башка улуттардай көбөйүп кеткен жок. Бизге башыбызга баш кошулганы керек. “Улууну урматтап, кичүүнү сыйлоо” деген философия мыйзам катары кабыл алынып, культура, адабият окуу китептеринен орун алышы зарыл. Келечекте кылымдан кылымга келе жаткан кыргыз улуту гана анын традициясын сактай алат. Ошондой эле билимдүүлүктүн сапатын көтөрүүбүз абзел”, - деп кошумчалады укук коргоочу.


Тема боюнча: 8-мартка карата "Аялдардын тилектештик маршы" өтүүдө

Аялдардын укугу Кыргызстанда чындап эле тебеленип жатабы?




Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Куба Тажибаев
Батыштын арам тамагын жеп. Салт санаасын бизге тануулаган жексурларды олкодон кубалап чыгыш керек