Бугу 03, 2024
Убакыт: 00:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Аялзаты, сенин колуңда дүйнө термелет

12.03.2021 09:38
635
Аялзаты, сенин колуңда дүйнө термелет


Карылар үйү жөнүндө студенттер менен сүйлөшүп жатканбыз. Бир чет элдик студентим "Эжей, менин ата-энем эгерде карылар үйүндө жашагысы келсе алып бармакмын. Ар ким өз жашоосун өзү билет да, - деди. Аудитория тыптынч боло түштү. Мен миң сан ойду ойлоп туруп калыпмын. "Сени эмне үчүн балдар үйүнө бербеди экен?" – дедим, ичимден. 


Бизде өздөрүн "адекваттуубуз" дегендерден ар ким өз жашоосун өзү билет, мен өзүмдү өзүм гана билем, мага бул жакпайт, мен мындай кылбайм, мен эркин адаммын ж.б.у.с. эгобуздун кулу, мезгилдин шары менен кете берсек, эртеңибиз бүдөмүк. Кайсы бир коомдо жашап жаткан кишинин толук бойдон эркинмин, өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем дегени ал коомго каршы келген иштерге жол ачып берүүсү мүмкүн. Бир элдин эл болуп калыптануусунда ал элдин кылымдар бою аздектеп келе жаткан, бирок эч жерде жазылбаган ички эрежелери бар. Ошол эрежелер сакталышы керек. Ал эрежелер аялды же баланы басмырлоо, кордоого эч качан жол берген эмес. Эгерде ошол эрежелер адилетсиздикке чакырса, кылымдан-кылымга ал элди сактамак эмес.


***

8-март биздин тарыхыбызга 1925-жылы кирген экен. Бул жөнүндө маалымат "Эркин-Тоо" гезитинде орун алган. 


Кыргыз эли ага чейин эле аялзатына сый-урмат көрсөтүп келген. Кыргыз жашоосуна майрам катары киргенине 100жылга жакындап калганы менен, майрам катары кийинки элүү жылда гана активдүү белгилене баштаган. Бул майрамдын улуттук мааниси болбогондуктан майрамдоо, же майрамдабоо ар кимдин өз иши. Бирок, аялдарга көңүл буруу бир жылда бир эле күнгө сыйбай түрган нерсе. Аялзатына ар дайым көңүл буруу, колдоо керек. Бир күндү майрамга айландырып, эртеси тиричиликтин жүгүн мойнуна жүктөп коюу туура эмес. Азыр аялдар эркектерден айырмасы жок. Жан талашып үй-бүлөнүн эле эмес элдин жүгүн моюнга алып жүргөндө, "токто сен аялсың, энесиң, өзүңдүн назиктигиңди, сулуулугуңду сакта, өзүңдү ая" деген коом кура алсак, мына ошондо гана аялзаты үчүн күндө майрам болмок. Аялзаты сенин колуңда дүйнө термелет. Сен дүйнөнүн бардык сулуулуктарына, кооздуктарына татыктуусуң.


Гүлзада НАРМАМАТОВА, Бишкектеги учкучтар окуу жайынын окутуучусу

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн