Бугу 10, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Миллиондоп тапкан ишкерлер кирешесине жараша салык төлөшсүн”

23.10.2023 10:36
1093
Айбек Алтынбеков, ЖК депутаты: “Миллиондоп тапкан ишкерлер кирешесине жараша салык төлөшсүн”


- Айбек мырза, 2024-жылдын 1-январынан тарта соода ишмердүүлүгүнө патент жоюлганы турат. Бул канчалык туура чечим болду деп ойлойсуз?


- Ар бирибиз “мамлекет мага” деп эмес, “мен мамлет үчүн” деп иштешибиз керек да. Туура, патент убагында керек болгон, бирок жылдан жылга чыгымдарыбыз көбөйүп жатат. Бизде бюджет толтура турган эки эле булак бар: салык жана бажы. Башка нефти, газ сыяктуу кен байлыктарыбыз жок. Ошол эки булактан түшкөн акчадан сырткы карызыбызга да беребиз, ички карызыбызды да жабабыз, ошондой эле социалдык объектилер курулат. Элибиздин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Бала бакча, мектеп керек. Жолдорубуздун акыбалын өзүңүздөр билесиздер. Салыктан түшкөн кирешелердин эсебинен гана биз ошол нерселерди аткарып келатабыз да. Патенттен болсо аз эле өлчөмдөгү акча түшөт. Мисалы, курулуш тармагында иштегендер он патент алат дагы, жүздөгөн адамдарды иштетип, миллиондогон сом киреше табат. Эми ошолордун баары тапкан кирешесине жараша салыгын төлөсүн, баары ачык көрүнүп турсун да. Патенттин жоюлуп атканынын себеби ошол. 


- Бирок, кичи бизнеске патент калышы керек го?


- Мамлекет аларга деле шарт түзүп берип атпайбы. 8 миллионго чейин эч ким эчтеке төлөбөйт, 8 миллиондон ашкандан кийин гана салык төлөш керек болот. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн