Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Айыл чарба министри регламентти билбей депутаттарга уят болду (видео)

19.05.2021 15:30
2282
Айыл чарба министри регламентти билбей депутаттарга уят болду (видео)

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык жыйынында  Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри  Жаныбеков Аскарбек регламентти билбей уят болду. 


Депутаттар сунушталган мыйзам долбоорунун кемчилигин айтып, бир топ сындарды айтты. 

"Уруксат берсеңиздер биз сиздер айткан кемчиликтерди эске алып, аларды толуктап экинчи окууга алып келсек",- деди министр. 


"Урматтуу министр, азыр биз биринчи окуудан мыйзам долбоорун кабыл алып койсок, мунун бир үтүрүн да өзгөртүүгө мүмкүн болбой калат. Ошондуктан биз четке кагышыбыз керек болот же кайрадан алып келишиңиздер керек",- деди Нурбек Алимбеков. 

Бирок министр кайра эле жогорудагы жообун бергенде депутаттар күлкүсүн жашыра алган жок.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн