Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:52
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Аймактарга 630 миң медициналык бет кап жөнөтүлдү

19.03.2020 10:43
918
Аймактарга 630 миң медициналык бет кап жөнөтүлдү


Көптөгөн өлкөлөр башка мамлекеттерге медициналык бет каптарды жана антисептик каражаттарды экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, Кыргызстанда бет каптарды өндүрүү боюнча жергиликтүү өндүрүш жолго коюлду. 17-18-март күндөрү республика аймагына 630 миӊ даана бет кап жеткирилген.


“Жарандар медициналык бет каптарды көп санда ашыкча сатып алгандыктан, дефицит жаралууда. Бүгүнкү күндө бекитилген баасы – 10 сом, бир адамга 3 даана бет кап сатуу чеги орнотулган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн