Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде жеңилип калды

21.02.2020 14:46
649
Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде жеңилип калды


Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатындагы алгачкы беттешинде япониялык Юкако Каваиден 6:1 эсебинде утулду. Бирок ал коло байг үчүн мелдеше турган болду. Анын коло медаль үчүн беттеше турган атаандашы да белгилүү болду. Ал индиялык 18 жаштагы Сонам Сонам. Япониялык балбан кыз жарым финалда индиялык Сонамды жеңип, финалга жолдомо алган. Муну менен Тыныбековага коло байге үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.


Сонам кадеттер арасындагы учурдагы дүйнө чемпиону. Индиялык балбан кыздын чоңдор арасындагы алгачкы беттеши 2020-жылдын январь айында Индияда өткөн эл аралык турнирде башталган. Анда биринчи эле беттешинде утулуп, жалпы тизмеде 18-орунга илинген болчу. Ал эми Айсулуу Тыныбекова бул турнирде алтын тагынган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн