Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Айсулуу Тыныбекова финалда монголиялык атаандашына мүмкүнчүлүк бербей алтын утту

16.04.2021 19:01
3487
Айсулуу Тыныбекова финалда монголиялык атаандашына мүмкүнчүлүк бербей алтын утту

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчусу Айсулуу Тыныбекова Казакстандагы Азия чемпионатында алтын медаль жеңди. Аталган мелдеш Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында түз эфир аркылуу көрсөтүлүүдө.


Чемпионат 13-18-апрелде Алматы шаарында өтүүдө.


Тыныбекова 62 кг салмакта катышты. Алгач ал индиялык Сонам Сонам менен килем үстүнө чыкмак, бирок индиялык спортчу күрөшпөй турганын билдирген. Андан кийин мекендешибиз казакстандык Ирина Кузнецованы 11:1, кореялык Юнг Жин Квонду 10:0 ири эсепте жеңди.


Жарым финалда кыргызстандык спортчу өзбекстандык Рушана Абдурасулованы 8:2 эсепте артта калтырып, финалга чыкты. Алтын үчүн күрөштө Айсулуу Тыныбекова Монголиядан келген Болортуя Хурелху 11:0 эсебинде утту.


Аталган чемпионатта кыз-келиндер арасында Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш жана Нураида Анаркулова (59 кг) коло медаль утуп алган.


Эскерте кетсек, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын спортчулары Азия чемпионатында 8 медаль багындырышкан.


Ал эми эркин күрөш боюнча курама команданын балбандары күч сынашууда.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Токтобек
Азамат
Айагыз
Азаматсынар, кыргыз жылдыздары, силер менен жалпы аялзаты сыймыктанат🙏🙏🙏