Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:35
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Айтургандын өлүмүнө күнөөлүү делип күйөөсү кармалды

Айтургандын өлүмүнө күнөөлүү делип күйөөсү кармалды


Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча шектүү катары жолдошу кармалганын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.


Милиция 26 жаштагы Н.Т. "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча шектелип жатканын кабарлады.


Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-июлунда ШИИБге шаардагы ооруканалардын биринде 25 жаштагы келин каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Дарыгерлердин баштапкы корутундусунда байтап дарыдан ууланганы көрсөтүлгөн. Ал эми келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, Айтургандын өлүмүнө жолдошу себепкер экенин айтышкан.


Факты боюнча Октябрь райондук милициясы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен кылмыш иши козголгон болчу.


"Иликтөө иштеринин жана чогултулган материалдардын негизинде 26 жаштагы Н.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат маалыматта.


Учурда тергөө уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн