Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Айжигитов: Тажикстан Баткендеги айылды жок кылып, жайлоого ээлик кылууга аракет кылууда

08.06.2022 11:53
640
Айжигитов: Тажикстан Баткендеги айылды жок кылып, жайлоого ээлик кылууга аракет кылууда


Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов тажик атайын чагымчылык менен Баткендеги Булак-Башы айылын жок кылууга аракет кылып жатканын билдирди.


Анын айтымында, Булак-Башы айылында 5-10 түтүн бар. Тажик тарап миномет жана оор техникалар менен үйлөрдү жок кылгысы келет.


"Бир канча жылдан бери тажик тарап атайын чагымчылык менен Булак-Башы айылында жаңжал чыгарып, үйлөрдү жок кылууга аракет кылып жатат. Үйлөр жок болуп, адамдар көчүп кетсе тажиктер Кык жайлоосуна ээлик кылып алат",- деди депутат.


Султанбай Айжигитов эл аралык нормаларга ылайык, анклавда оор аскердик куралдар болбошу керектигин билдирип, Ворух анклавындагы оор аскердик техникаларды чыгартууну сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн