Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азербайжан президентинин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө

14.06.2020 10:30
1169
Азербайжан президентинин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө


Үстүбүздөгү жылы Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга расмий иш сапарын уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков менен Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Г.Оруджевдин жолугушуусунда айтылды.

 

Алар пландалган бир катар эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий сапарын уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.


Азербайжан башчысынын Кыргызстандагы сапарына карата Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Г.Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушун аяктоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Бул сапардын алкагында алардын ачылыш салтанатын өткөрүү пландалган.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн