Учтун айы 17, 2025
Убакыт: 23:19
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Азия чемпионатында алтын уткан өзбек мушкери дисквалификацияланды

13.12.2024 16:17
1315
Азия чемпионатында алтын уткан өзбек мушкери дисквалификацияланды


Бокс боюнча Таиландда өткөн Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алган өзбекстандык мушкер Хавасбек Асадуллаев эрежени одоно бузгандыгы үчүн дисквалификацияланды. Бул тууралуу Азия бокс конфедерации (ASBC) маалымдады.

Ал финалда Испанияда өткөн Boxam турниринде жеңишке жеткен, дүйнө чемпионатынын үч жолку коло байге ээси казакстандык Абылайхан Жусупов менен кез келген. 71 килограмм категориясындагы меттеш учурунда Хавасбек Асадуллаев атаандашынын далысын тиштеп алган.

Казакстандын Бокс федерациясынын арызынан кийин Азия чемпионатынын техникалык делегаты Хавасбек Асадуллаевди эрежени одоно бузгандыгы үчүн дисквалификация чечимин кабыл алган. Ошентип, алтын медаль Абылайхан Жусуповко ыйгарылды.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча Өзбекстан 8 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду. Андан кийин Казакстан (4−6−1) жана Тажикстан (1−1−3) орун алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн