Бугу 11, 2024
Убакыт: 00:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Азия оюндары: Балбан Раззак Бейшекеев коло медалга татыды

04.10.2023 16:31
711
Азия оюндары: Балбан Раззак Бейшекеев коло медалга татыды


Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медалга татыды.

Аталган мелдеште Раззак Бейшекеев 4/1 финалдан тарта катышып, 67 кг салмак категориясында күч сынашты.

Бейшекеев алгач япониялык Кацуаки Эндо менен кез келип, 1:5 эсебинде утулуп калган.

Япониялык спортчу финалга жолдомо алгандыктан, Раззак Бейшекеев жубатуучу беттешке чыгып, анда ал тажик спортчусун жеңип, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Коло үчүн беттеште Бейшекеев өзбекстандык балбанды артта калтырып, медаль тагынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн