Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Азизбек Турсунбаев: Электромобилдердин батареяларын утилизациялоо багытында конкреттүү иш-пландар түзүлүшү зарыл

06.02.2024 18:14
3020
Азизбек Турсунбаев: Электромобилдердин батареяларын утилизациялоо багытында конкреттүү иш-пландар түзүлүшү зарыл


Акыркы бир нече жылдан бери Кыргызстанда электромобилдердин саны улам өсүп жатканын жакшы билебиз. Адегенде азыраак санда келип жатса, өткөн жылы бир нече миң электромобил кирди. Эми алдыдагы эки жылда дагы 20 миң даанага чейин кириши күтүлүп жатыптыр. Бул унаалардын өлкөбүзгө кирип жатышы албетте жакшы көрүнүш. Биринчиден, экологияга зыяны аз, экинчиден аны айдаган адамдардын чөнтөгүнө пайдалуу. Бирок, ошол электромобилдердин батареяларын (аккумуляторлорун) утилизациялоо багытында кандайдыр бир иш-аракеттер жасалып жатабы деген суроо туулат. Электромобилдердин батареялары орточо эсеп менен 10-15 жыл иштейт экен. Демек, буга чейин кирген электромобилдердин батареяларын утилизациялоо маселеси дагы 7-8 жылдан кийин башталат. Электромобилдердин аккумуляторлору иштен чыккандан кийин аларды жөн эле таштандыга таштап коюуга болбойт. Аларды дыкат көзөмөл менен утилизация кылбаса, анда жер кыртышынын бузулушуна, суулардын булганышына, алтургай жарылуу коркунучтарына алып келет. Кыскасы калктын жашоосуна жана айлана-чөйрөгө чоң коркунуч жаратат. Демек, биздин өлкөгө кирген электромобилдердин алды иштен чыкканга чейин бул маселени жолго коюп алуу зарылчылыгы бар. Тактап айтканда, аларды утилизациялоо багытында конкреттүү иш-пландар түзүлүп, максаттуу иш-аракеттер жүрүшү зарыл.


Азизбек Турсунбаев, ЖК депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн