Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:56
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БАЭ Кыргызстанда электр энергиясынын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүгө кызыкдар

10.11.2022 15:23
271
БАЭ Кыргызстанда электр энергиясынын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүүгө кызыкдар



Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика тармагындагы өнөктөштүгү тереңдейт. Муну шарттаган меморандумга Президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын энергетика министри менен БАЭнин тармактык органынын жетектичиси кол койду.  Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун максаты энергетика тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө негиз түзүү болуп саналат. Муну менен катар документ тараптардын техникалык билим, энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуусун жөнгө салат. 


БАЭге болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен DR.TAJEDDINE SEIF (CHAIRMAN OF K&K GROOP) ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. 


Энергетика министри Кыргызстандын энергетика тутумун, анын ичинен энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү үчүн министрлик эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз иш алып барууга даяр экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн