Теке 03, 2024
Убакыт: 01:53
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

БИШКЕК ШИИББ: "Нааразылык акциясына 300гө жакын адам чыкты"

10.03.2020 15:47
1003
БИШКЕК ШИИББ: "Нааразылык акциясына 300гө жакын адам чыкты"

Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында өткөн "Аялдардын тилектештиги" акциясына 300гө жетпеген адам катышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 


"Бул тынчтык акциясы тууралуу уюштуруучулар алдын ала Бишкек шаарынын милициясына маалымат беришкен. Ага  баш аягы 250-300 адам катышты. Кандайдыр бир мыйзам бузуулар орун алган жок", - деп айтылат Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында.  


Эскерте кетсек, бүгүн, 10-мартта Бишкекте "Аялдардын тилектештиги" аттуу акция өткөн. Анда митингдин катышуучулары 8-мартта феминисттер уюштурган жүрүштүн жокко чыгарылып, милиция кызматкерлери тарабынан таратылганына нааразылык билдиришип, тийиштүү адамдар жоопко тартылуусун талап кылышты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн