Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Адахан Мадумаровдун Москвада мигранттар менен жолугушуусу боюнча арызды карады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Башкы прокуратуранын Мадумаровдун Москвада мигранттар менен жолугушуусунда үгүт багытында маселе каралган деген документти БШКга жолдогон. Бүгүн БШКнын жумушчу тобу маселени карап эч кандай мыйзам бузууну тапкан эмес.
Эске салсак, ноябрь айында Мадумаров Москвадагы мигранттар менен жолугушуу өткөргөн.
Пикирлер (10)