Бугу 03, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

БШК Матраимов менен Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратты

22.02.2024 16:36
333
БШК Матраимов менен Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратты


Борбордук шайлоо комиссиясы 22-февралдагы отурумунда өздөрү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратты.

Искендер Матраимов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан, Нурлан Ражабалиев Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген.

Искендер Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун агасы.

Ал эми Ош бажысынын мурдагы жетекчиси Нурлан Ражабалиев 2021-жылы 27-январда “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон. Ал бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруш үчүн 12 млн сом, андан кийин сот чечимине ылайык дагы 260 000 миң сом төгүп берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн