Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:31
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

БШК Жусупбек Коргонбай уулунун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

23.04.2024 16:18
113
БШК Жусупбек Коргонбай уулунун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өзү жазган арыздын негизинде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын 23-апрелде Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоп, анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат шайлоо округунан шайланып келген болчу. Эми президенттин жарлыгынын негизинде эки айдын аралыгында аталган округда кайра шайлоо өтүшү керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн