Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:42
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

БШКга айрым партиялар добуш сатып алууда деген маалымат түштү

28.09.2021 09:17
783
БШКга айрым партиялар добуш сатып алууда деген маалымат түштү

Шайлоо боюнча ыкчам чара көрүү координациялык тобуна  добуш сатып алуу тууралуу алгачкы арыз келип түшкөн. Бул тууралуу 24.кг агенттиги кабарлады.


Арыз Волный А. аттуу жаран тарабынан жазылган. 

Анын айтымында, "Шоро" компаниясынын аймагында "Ата Мекен", "Реформа" жана "Улуттар биримдиги" саясий партиялары үчүн добуш берүү үчүн акча таратылган.


Маалымат укуктук баа берүү жана бул фактыларды текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине жана УКМКга жөнөтүлгөн. Текшерүү башталды.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
мир
Бул партиялар акча бере албайт,жалган.Жон гана атака шайлоо алды.Бутун Кыргызстанды акча алды дешкен откон шайлоодо каралап.Фейк