Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 13:15
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

БУУ кыргызстандыктарга 20 миң кап ун, 100 тонна суу май таратат

28.03.2020 21:46
5047
БУУ кыргызстандыктарга 20 миң кап ун, 100 тонна суу май таратат


Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бүгүн, 28-мартта БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Андреа Баньоли менен жолукту. Бул тууралуу министр өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдады. Жолугушууда учурдагы кыраалды эске алуу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү тууралуу сүйлөшүү жүргөн.


“Биздин министрлик БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) менен биргелешип жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырып келе жаткан долбоорлор бар. Учурдагы кырдаалды эске алып, уюмдун биздеги жетекчиси Андреа Баньоли менен жолугушуп, жогорудагы үй-бүлөлөргө тез арада миң тонна (20 000 кап) ун, 100 тонна суу май жеткирип берүүнү макулдаштык. Кудай буйруса, аз камсыз болгон ар бир үй-бүлө 3 кап ун, 15 кг. май менен камсыздалат. Кийинчерээк мына ушундай эле жол менен дагы 30 000 кап ун жакыр үй-бүлөлөргө жеткирилет”, - дейт Кочкоров.

Пикирлер (16)

Коопсуздук коду
мерим
Биз мисалы кечинде ачка эле жаттык уйдо тамак аш жок болуп кайда кайрылышты билбей калдым уже майып анан жесир же коп балалууларга эле берет экен. Мен озум бишкекте квартирада турам 2 балам бар. Куйоомдун жумушу токтоп уйдо.
Акылай
акыркы жанылыктарда чыгыптыр кайда кайрылуу керектиги, кайрылып корун
Шаменова Медедкуль
Азаматсын жардам бер.
Чынара
Мен биринчи топтогу майып, соц защита да учето турам, жалгыз бой энемин эки кызым бар, бизге да берилеби, эч жактан жардам албадым, турмуш шартым оор
Буажар
Мисалы биз жака бир да келбейт гум помож озум да чалым да иштебейт кунумдук тирилик кылабыз эмнеге бизге окшогонду эске албайсынар кашкалдактан чучуктон болом
Жоргомова Бермет Ашимбековна
Саламатсызбы менин 7 жети балам азык туулук да акчабыз да тугонду Бишкек шаарынын Ак босого чуй 33 23уйдо жашайбыз