Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

БУУнун Башкы катчысы Газадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты

16.10.2023 11:16
1843
БУУнун Башкы катчысы Газадагы кырдаал боюнча билдирүү таратты


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш ХАМАС тобун барымтадагы израилдик жарандарды бошотууга, ал эми Израилди Газа секторуна гуманитардык коридор ачып берүүгө чакырды. Жекшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө ал БУУ гуманитардык кризисти тез арада жөнгө салуу үчүн тийиштүү ресурстарга ээ экенин, барымтада калган адамдарды тез арада бошотуу зарылдыгын белгиледи.

«Газа секторунда суу, электр энергиясы жана башка эң зарыл нерселер түгөнүүдө. БУУнун Египет, Иордания, Батыш жээк жана Израил аймагында азык-түлүк, суу, дары-дармек, мунай сакталган жайлары бар. Бул товарлар бир нече саат ичинде жеткириле алат. Жеткирүү үчүн биздин кызматкерлерге Газага эч тоскоолдуксуз жана коопсуз шартта жетишине шарт түзүлүшү керек», - деди Гутерриш.

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салган. Кеминде 1300 адамдын өмүрүн алган бул чабуулдан бери Израил армиясы Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат. Газада жалпысынан 2300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик билдирди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн