Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баасы 4 000 000 сомдон ашык контрабандалык жүк кармалды

15.11.2022 15:26
367
Баасы 4 000 000 сомдон ашык  контрабандалык жүк кармалды

Баасы 4 000 000 сомдон ашык дары-дармектер менен контрабандалык жүк кармалды. 


   Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК чек ара кызматынын “Чоң-Капка унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери менен биргеликте Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.


  Тактап айтканда, 2022-жылдын 14-ноябрында “Чоң-Капка унаа жол” постунда Кыргыз Республикасынын жараны А.Б.А. башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү “02 KG 314 ABR” мамлекеттик номуру жүк ташуучу унаа кармалган. 


   Айдоочу көрсөткөн документтерде жүк үй буюмдары катары көрсөтүлгөн. Бирок, жогоруда аталган унааны дыкат текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон, болжол менен баасы 4 000 000 сомдон ашык дары-дармектер жана башка товарлар табылган.


  Азыркы учурда бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн