Бугу 10, 2024
Убакыт: 06:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бабанов 100 млн сом которуп, "куулук амал” кылыптыр, - Айнура Арзыматова

25.03.2021 20:14
495
Бабанов 100 млн сом которуп, "куулук амал” кылыптыр, - Айнура Арзыматова

Өмүрбек Бабанов мамлекеттик бюджетке 100 млн сом которуп, “куулук амал” кылыптыр. Мындай пикирди саясат таануучу Айнура Арзыматова Vesti.kg сайтына билдирген.

Анын айтымында, коомчулук укук коргоо органдарынын сүткорлордон акча алып, эркиндикке чыгарып жаткан аракеттерин бир топ сындап жатышат.

“Тергөөдөгү жарандар келтирген зыяндарды төлөдү делип, эркиндикке чыгарылып жатат. Бирок бул практика коомчулуктун кескин сынына кабылууда. Миллиард долларларды уурдаса болот дагы, бирок мамлекеттик кирешеге болгону миллион эле төлөп коюшат экен. Бизде ири олигархтардын бардыгы аз акча төлөп эле боштондукта жүрүшөт. Бабанов үчүн 100 млн сом эч нерсеге турбаган нерсе. 2017-жылы ал Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 17 млн доллар алган. Бул коомчулуктун кыжырын кайнатты жана коррупция кулач жайды”, - деди Айнура Арзыматова.

Арзыматованын айтуусунда, Бабановдун адамдары эмне үчүн мамбюджетке которгон акчаны өз ыктыяры менен берди деп жатат, эгер анын кылмыш иштери токтотулса, түшүнүксүз.

Бабанов өтө прагматик саясатчы катары белгилүү. Жөн эле 100 миллион сомду эч кимге белек кылбайт. Ал кезектеги куулук амалын кылып, өзүн күнөөсү жок адам кылыптыр. Которгон акчасы ыктыярдуу имиш. Эгер акчаны төлөп бербесе иш жабылбайт болчу, анда бул башка кеп эле”, - деди эксперт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн