Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе — кызмат ордун тапшырып берсин. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргенин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.
"Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жана президенттин администрациясынын кызматкерлерине кайрылып:
“Шайлоого аралашпагыла! Эгер кимдир бирөө шайлоодо жакындарына жардам бергиси келсе — анда кызмат ордун тапшырып берип, андан кийин гана шайлоодо иштесин”, - деп айтты деп жазган ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн