Тогуздун айы 20, 2025
Убакыт: 18:16
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.065
1.110

Быйылкы жылдын 9 айында тоо кен ишканаларынан бюджетке 42,7 млрд сом түштү

Быйылкы жылдын 9 айында тоо кен ишканаларынан бюджетке 42,7 млрд сом түштү


Быйылкы жылдын 9 айында тоо кен ишканаларынан бюджетке 42,7 млрд сом түштү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директору Марат Жусупбеков “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.


Анын айтымында, 2025-жылдын тогуз айында өлкө боюнча алтын өндүрүүнүн көлөмү 17 тоннаны, көмүр өндүрүү 2,3 млн тоннаны түздү.


“Жүргүзгөн 5 жылдык аналитикадан белгилүү болгондой, 2021-2025-жылдар аралыгында тоо кен ишканалары тарабынан мамлекеттик бюджет жалпысынан 191 млрд сомго толукталган. Бул 191 млрд сомдун ичинен 42,7 млрд сом быйылкы 9 айда келип түштү. Быйыл 2023-жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөн ашып, жылдын аягына чейин 50 млрд сомдон ашабыз деген тилегибиз бар. 


Бүгүнкү күндө өлкөдөгү кендердин 90 пайызы советтер союзу мезгилинен бери изилденген. Бирок, ошентсе да учурда чалгындоо иштерин улантып жатабыз. Өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери геология тармагына каражат бөлүнгөн эмес. Учурда президенттин колдоосу менен “Кыргызгеология” ишканасына 1 млрд сом бөлүнүп, тиешелүү атайын техникалар менен камсыздалды. Учурда чалгындоо, изилдөө иштери улантылууда”,- деди Жусупбеков. 


Ишкана жетекчиси кошумчалагандай, алтын, сейрек кездешүүчү элементтер, көмүр, түстүү металлдар, андан сырткары рудалык эмес кендер болуп, өлкөдө 51 пайдалуу кендердин түрү менен 1000ден ашык кен байлыктарыбыз бар. 


“Бул кен байлыктарыбыздын бардыгы өнөр жай, жол куруу, курулуш тармактарына керектелет. Жер казынасын пайдалануу боюнча лицензиялардын жалпы саны 2005ке жетип, анын 103ү мамлекеттик ишканаларга берилди”,- дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн