Президент Садыр Жапаров “Эл аралык эмгек уюмунун 1997-жылдын 3-июнунда Женева шаарында кабыл алынган Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Жогоруда аталган Конвенция ишке орноштуруу жаатындагы эл аралык укуктун негиз салуучу документтеринин бири болуп саналат.
Конвенцияны ратификациялоо иш менен камсыз кылуу жеке агенттиги үчүн талаптагыдай ченемдик укуктук базаны түзүүгө өбөлгө болот, бул мындай агенттиктер көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Конвенция иш менен камсыз кылуу жеке агенттигинин ишинин стандарттарын, анын ичинде жумушчулардын укуктарын сактоо, басмырлоодон коргоо, жумуш ордунда ден соолук жана коопсуздукту сактоо талаптарын белгилейт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн