Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бабановдун иши бүттү, Жумалиев сыртка чыга турсун. Астрологдун кеңеши

24.04.2021 23:30
1107
Бабановдун иши бүттү, Жумалиев сыртка чыга турсун. Астрологдун кеңеши


- Жанар мырза, кайрадан сизге кайрылып атам. Өткөн сандардагы маегибизде “Курсан Асанов жакынкы убакта түрмөдөн чыгат” деп ишенимдүү айткансыз. Айтып оозду жыйгыча, бошонуп чыкты. Андан аркысы эмне болот?


- Курсан Асановдуку мындан аркысы жеңилдейт. Бир жылдын тегерегинде өз ордуна келе баштайт. 


- Кубанычбек Жумалиевдикин “чатак” дегендей болдуң эле. Ошентсе да үй камагына 1 миллиард сом мамлекетке төлөп чыгып, абалы турукташкандай болду окшойт?


- Чатагы дагы эле чатак бойдон калат. Азыркы бийлик алмашмайын бу кишиде тынч жашоо болушу кыйын. Баары бир эрмектей беришет. Ошон үчүн колунан келсе ушу бийлик алмашканга чейин чет мамлекетке качканы оң. 


- Равшан Жээнбековдун айланасында абал тынч эместей көрүнөт?...


- Бул жигиттики пикке жетип турган учур. Бир жылдан бери күчөгөн, акыркы алты айдан бери күчтүү, таасири эки жылга чейин созулат. Эгер биз эки жылды төрт жолу алты айга бөлө турган болсок, баштапкы жана соңку алты айы бир аз тынчыраак болгону менен ортоңкулары опурталдуу. Анүчүн абайлап, бийлик тарапка каяша айтпаш керек. Болбосо камалып кетишине эч ким кепилдик бере албайт. Күн менен Юпитердин ортосундагы 90 градустук чарчыда (квадрат) чыңалуу болот. Күн планетасы 12-секторду башкарып, жашыруун душмандардын күчөгөн мезгили. Ушак-айыңдын жабыркоосу катары берилип атат. Юридикалык көйгөйлөрдүн жаралышына да таасири тийип атат. Мындан сырткары, Юпитер 4-сектордо турат. Үй, кыймылсыз мүлк, жер тилкеси – ушул тармактарда чыңалуу абалы бар. Абайласын.


- Бектур Асановдуку кантип атат?


- Бийлик тарабынан кысым байкалып турат. Интригалардын айынан жабыркап калышы мүмкүн, абайласын. Бирок, жакынкы 2-3 айдын ичинде жашыруун бир булактан каржы кирешелери кирип баштайт. Акча каражаты, үй, кыймылсыз мүлктөр келет. Жеке турмушу өз нугунда улана бермекчи. Салмактуу саясый фигура менен тил табышуу жагы байкалып атат. Бирок бийлик тараптан эмес. Мүмкүн саясый партиялардын лидерлеринин колдоосуна ээ болот.  


- Өмүрбек Бабановду көрбөй калдык. Ал биротоло эле саясый аренада түйүнчөгүн түйүп салдыбы?


- Бабановдун иши “бүткөнский”. Муну мен эбак эле айткам. Мындан ары деле күн тийе турган эч нерсе жок. Нептун менен Күн ортосу начар жайгашкан. Бул эмнени билдирет? Бул деген өзүнө-өзү ишенбөөчүлүктү, коркоктукту, чоркоктукту билдирет. Ушу сапаттары барган сайын күчөп турган кези. 12-сектордун промиссору   активдешкен. Ушак, көмүскө душмандары болот. Мындан сырткары, 7-сектору жанданууда. Ишкерлик өнөктөштөрдөн жакшы нерсе күтүлбөйт. Билгизип-билгизбей бут тосуулар болот. Жалгыздык менен жабыркайт. Мейли чет жерде, мейли мекенинде – айырмасы жок. Негизсиз коркуу жана көңүл чөгүү сезими күч алат. Ушунун баары таасир этип, арыкташы күтүлүүдө. Саламаттыгы начарлап, ооруканага көп убакыт жатып калышы мүмкүн. Абайлаш керек. Эс алууга эле кетип калганы оң. Саясатка кайтып келе турган болсо, абалы оорлошо баштайт. Ширин жашоо күтпөйт.   


Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн