Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Алымкадыр Бейшеналиевге нааразы болгон аял менен жолугушат. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, убакыт ыңгайлуу мезгилде жана конструктивдүү болгон учурда эл менен түз байланышта болуу абдан маанилүү.
"Бүгүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин райондук борборлоруна жана бөлүмдөрүнө 8 санитардык унааны тапшыруу салтанатынын жүрүшүндө бир күтүүсүз окуя орун алды.
Ошол учурда эмне болуп жатканын так түшүнгөн жокмун, бирок ушул жараныбыз менен жолугуп, анын көйгөйлөрүн угууну туура көрүп жатам.
Убакыт ыңгайлуу мезгилде жана конструктивдүү болгон учурда эл менен түз байланышта болуу абдан маанилүү",- дедп билдирди Бакашова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн