Бугу 11, 2024
Убакыт: 14:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бакыт Бакетаев: Кыргызстан чек ара маселесин Россиянын кийлигишүүсү менен гана чече алат

01.06.2020 12:12
2398
Бакыт Бакетаев: Кыргызстан чек ара маселесин Россиянын кийлигишүүсү менен гана чече алат


Кыргызстан чектеш өлкөлөр менен болгон чек ара маселесин Россиянын ортомчулугу менен чечип алса натыйжалуу болмок. Мындай пикирин саясий серепчи, дипломат Бакыт Бакетаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин чек ара маселесин 30 жылдан бери чече албай келе жатат. Өлкө өз күчүнө ишене турган болсо, эл дагы 30 жылдай кыйналышы мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү менен чекит коё албай жаткан чек ара маселесин чечүүдө албетте үчүнчү мамлекеттин ортомчу болушу туура көрүнүш. Анткени үчүнчү жактын калыстык кылышы менен орток пикир табылат.


“Мисалы эки адам уруша кете турган болсо, алар маселесин териштирип алышы үчүн эки жакка тең бирдей караган, эки жакка тең жаккан үчүнчү адамга кайрылат. Ал калыс сөзүн айтат. Ошондуктан дипломат катары айтарым, Кыргызстанда коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин натыйжалуу чечип алуусу үчүн Россияга кайрылуулары бардыгы үчүн жакшы аракет. Мисалы, АКШ же башка мамлекеттерге кайрылууга Тажикстан каршы болушу мүмкүн же болбосо Казакстан, Германия же Кытай калыс боло албайт. Бул жерде Россиянын кийлигишүүсү чек ара чырын жараткан үч өлкө үчүн тең эң маанилүү”, - деди Бакыт Бакетаев.


“Эч ким кайрыла электе эле Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өзү айтты. Демек, ал бир нерсени сезип туруп айтты. Балким Тажикстанга жана бизге айта турган сөзү бар. Бул маселеге чекит коё турган азыр ошол киши болуп турат. Себеби анын дипломатиялык жактан дүйнөлүк тажрыйбасы абдан чоң. Башка мамлекеттин мүмкүнчүлүгү Лавровго караганда шансы 50%”, - деп кошумчалады ал.


Белгилей кетсек, кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларында такталбаган аймактарды талашуудан улам эки тараптуу жаңжалдар байма-бай орун алып келүүдө. Мындан улам бир топ аскер кызматкерлери, жергиликтүү эл арасынан жабыр тартып, каза болгондор да катталууда.


Жакында эле Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы курч абал боюнча өзүнүн пикирин билдирген.Тилекке каршы бул маселе биринчи жолу эмес. Биз союздаштарыбызды сүйлөшүүгө, күч колдонуудан болушунча баш тартууга чакырабыз. Биз ортомчулук кызматын аткарганга даярбыз жана абал канчалык эрте тынчыса ошончолук жакшы болот деп эсептейбиз”, - деп билдирген болчу.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Толубай сынчы
Бул инсанды Тайырбек Сарпашевдин адвокаты деп жүрсөм, көрсө саясий серепчи ,саясат таануучу жана дипломат экен да!!!!!