Кулжа 28, 2024
Убакыт: 00:10
USD
86.20
87.10
EUR
92.00
93.00
RUB
0.980
1.035

Бакыт Төрөбаев Ага Хан фондунун башчысы менен кызматташтыкты талкуулады

21.06.2024 16:11
212
Бакыт Төрөбаев Ага Хан фондунун башчысы менен кызматташтыкты талкуулады


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ага Хан фондунун башчысы Баркат Фазал менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда өлкөнүн аймактарында айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор талкууланды.

Министр Бакыт Төрөбаев Ага Хан фондунун ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал мамлекеттик сектор менен ишкердик чөйрөнүн ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү, агрардык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы максаттарга жетүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле министрлик долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүүдө сунуштарга ачык экендигин билдирди.

Ал эми доктор Баркат Фазал жолугушууну техникалык деңгээлде уюштурууну сунуштады.

Анда эки тараптын адистери бүгүнкү күндө кандай иштер жүзөгө ашырылып жатканын, иште кандай сунуштар бар экенин биргелешип аныкташат.

Мындан сырткары, фермерлерди окутуу жана тамчылатып сугаруу бүгүнкү күндө артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналаарын ырастады. Жолугушуунун алкагында Төрөбаев Ага Хан фондун Борбордук Азиянын Органик Экспо форумуна катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин дагы бир жолу тастыкташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн