Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бакыт Төрөбаев Бакудагы бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

16.08.2022 14:53
336
Бакыт Төрөбаев Бакудагы бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында органикалык, минералдык жана био жер семирткичтерди, ошондой эле топурак микроорганизмдерин өндүрүүчү «AqriBioEkoTex LLC» компаниясынын иши менен таанышты.


Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана жер кыртышынын эрозиясына каршы күрөшүү жаатындагы кызматташгуу боюнча пикир алышуу жүрдү.


Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коомунда болуп, анын директору Зиядов Талех Мухаммед оглы менен жолугушту, ошондой эле «Алят» эркин экономикалык аймагынын иштөө принциби менен жеринде таанышты.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тараптын «Баку эл аралык деңиз соода порту» жабык акционердик коому жана «Алят» эркин экономикалык аймагы менен транспорт-логистикалык жана соода-экономикалык тармактардагы кызматташтык боюнча байланыштарды жайгаруу маселеси талкууланды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн