Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бакыт Төрөбаев Бишкек-Жалал-Абад жолун 150 километрге кыскарта турган жолдун долбоору менен таанышты

04.06.2022 15:07
1898
Бакыт Төрөбаев Бишкек-Жалал-Абад жолун 150 километрге кыскарта турган жолдун долбоору менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев болжол менен 6 км узундуктагы туннелди орнотуу менен “Бишкек – Белогорка – Суусамыр” (Бишкек шаарынын түштүк айланма жолу) автожолунун курулушун пландаган долбоор менен жеринде таанышты.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор ишке ашса, чукул бурулуштуу жолдордун тармакталышын жана калктуу конуштарды айланып өтүүчү жолдорду эске алуу менен жолдун узундугу 120 чакырымды түзөт. Бул жол Бишкек-Жалал-Абад жолунун узундугун 150 чакырымга кыскартууга мүмкүндүк берет.


Белгилей кетсек, заманбап транспорттук инфраструктура ишкердикти жана жаңы туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзөт.


Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында потенциалдуу инвесторлор арасында тиешелүү сынак өткөрүү менен ишке ашыруу пландаштырылууда.


Бакыт Төрөбаев бул автожолдун транспорт тармагы үчүн маанисин баса белгилеп, курулуштагы заманбап ыкмаларды, жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун жана жол жээгиндеги тийиштүү инфраструктураны эске алуу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.


Белгилей кетсек, транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча милдеттер Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан бекитилген 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн