Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 09:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Бакыт Төрөбаев: Шайлоого катышпайм, бул шайлоодо акчанын атаандаштыгы болот

10.08.2020 19:31
1103
Бакыт Төрөбаев: Шайлоого катышпайм, бул шайлоодо акчанын атаандаштыгы болот


“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев парламенттик шайлоого катышпай турганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


“Парламенттик шайлоого сарптала турган акча каражатты элге, медицина жана билим берүү тармактарына, жеке ишкерлерди өстүрүү жана өсүп келе жаткан жаш уул-кыздардын аң-сезимин жакшы жака өзгөртүү боюнча иш чараларга жумшайын деп чечтим. Чындыгында бул шайлоодо акча каражаттын атаандаштыгы болот, акча каражат көп кетет”, - деп билдирүү калтырган ал.


Анын айтымында, шайлоочулар программа, идея жөнүндө эмес, добушун сатуу боюнча суроону көп берип жатышат. Ал эми саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды.


Жогорку Кеңештин VII-чакырылыштагы парламентти реформа жасаган, өзгөртүү кылган парламент болооруна менин көзүм жетпейт. Ошол себептен 5 жылдын аралыгында кийинки парламенттик шайлоого, биз шайлоочунун оюн, ой жүгүртүүсүн, мамлекетке болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүү боюнча иштерди алып барабыз. Ошондуктан, бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм. Элди алдап парламентке келүү менин мүнөзүмө туура келбейт.

Бирок, биз саясий процесстерде өз үнүбүздү угузганга, өкмөттүн, бийликтин кылган иштерине жардам берип, туура эмес болгон жерде сын айтып, ошону менен иш алып барабыз”, - деген Төрөбаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн