Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бакыт Төрөбаев элге кызмат кылууну санариптик системага өткөрүүнү тапшырды

03.06.2022 16:29
1011
Бакыт Төрөбаев элге кызмат кылууну санариптик системага өткөрүүнү тапшырды

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарындагы №4 Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Таанышуу алкагында ал калкка кызмат көрсөтүү сапатын жлогорулатуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча акыркы чечимдер менен таанышты.


Мындай чечимдердин бири катары паспортту даядагандыгы үчүн «Элкарт мобайл» жана «РСК 24» мобилдик тиркемеси аркылуу улуттук стандарттагы QR-код менен төлөө мүмкүндүгү саналат. Кийинки кадам – жарандык абалды каттоо актыларын, транспорт каражаттарын каттоодо, ошондой эле “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып пулдарды төлөөдө кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код аркылуу накталай эмес түрдө төлөөнү киргизүү пландаштырылууда.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин республиканын бардык аймагында иштеп жаткан калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызматтар үчүн накталай эмес төлөмдөрдү ишке киргизүүнү тапшырды.


«Ар кандай мамлекеттик кызматтарды калктын мүмкүн болушунча тез жана натыйжалуу алуусуна мүмкүндүк түүүчү акыркы санариптик чечимдер сунуштала турган системаны куруу зарыл», - деди ал.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн