Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 10:44
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Бакыт Төрөбаев жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруу боюнча тапшырмаларды берди

17.01.2025 16:19
112
Бакыт Төрөбаев жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруу боюнча тапшырмаларды берди


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жергиликтүү бийлик органдарына, акимдерге, айыл өкмөттөргө жана жайыт муниципалдык ишканаларына жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруу иштерин алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.

Ведомстводон билдиришкендей, жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруунун максаты жайыттарды жакшыртуу жана кайрак жерлерге сууну жеткирүү болуп саналат.

Буга чейин Баткен облусуна үч жасалма мөңгү тоңдурулган. Мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында жайгашкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн