Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бактыгүл Иманбек кызы: Садыр Жапаровдун баардык демилгесин колдойбуз жана ишенебиз!

18.06.2021 11:04
1224
Бактыгүл Иманбек кызы: Садыр Жапаровдун баардык демилгесин колдойбуз жана ишенебиз!


Эл журт! 

Бизде көп жакшы жаңылыктар болуп жатат. 

Мисалы үчүн:

1) Кумтөрдү өзүбүзгө өткөрүп алып бир айга жетпеген убакта 40 млн $ киреше алдык.

2) Жолдорду оңдоп-түзөп шаардын 40тан ашык көчөсү жабык. 

3) Ысык-Көл-Барскоон жолун оңдоо демилгеси көтөрүлдү. 

4) Кумтөрдүн кирешесинен Нарынды өнүктүрүү фонду ачылды. 

5) 3% дык ипотека ишке киришти.

6) Жер үй алтын кенинен миллиард киреше түштү.

7) Автобустар келип жатат, июль айынан баштап ишке киришет. 

8) Ички карызыбызды акырындап жаап баштадык.

9) Бизге ишенип көчүп келген Памирлик кыргыздар былтыркыдай таарынтып артка кайрыбай жардам берип мал-жан менен камсыз кылдык. 

10) Чирип калган чек ара маселеси акырындык менен такталып чектелип жатат. 

11) Бийлик бутактарына акчасы барлар эмес мээси иштегендер келип жатат. 

12) Жеке менчике өтүп кеткен мамлекеттик жерлер, кеңсээлер кайра мамлекетке кайтарылып жатат. 

13) Канча жылдан бери чукчуңдашып катышпай келген өлкөлөр менен мамилебиз түзөлдү. 

14)Аңкайып Кремль эмне дейт деп отурчу элек, алардын бучкагынан кутулгансыдык. Дегеним каалаган өлкөбүз менен каалагандай мамиле түзүп жатабыз. 

15) Салыктар сол чөнтөкө солонуп кетчү эле, четинен ачыкталып мамлекеттин казынасына түшүп жатат. Жыл эмес ай сайын салык төккөндөр көбөйүүдө. 

16) Ирактан Кыргызстандык жаш өспүрүмдөрдү кайтарып алдык. 

17) Мамлекетти мите курттай соруп келген көптөгөн шылуундардын жүзү ачылды. 

..... дагы дагы толо толо, азыр мен болгону 20% гана жаздым.... учурда эстегенимди гана... 

Какшып минуска түшүп калган казына менен ушунча жакшы иштерди баштайт белек? Эгерде эски бийлик менен кете бергенде, азыр пенсия, айлыкты жада калса орду менен ала албай, бирибиздин жүнүбүздү бирибиз жеп отурмакпыз... 

Шүгүр дебейлиби? 

САБИЗ кымбат дейсиңер..

Айылдарды кыдырып көргүлөчү көбүнүн короосун куурай басып жатат... 

Эки кашык сабиздин уругун эгип койсо болот беле? 

Шалпактап болбогон акчага аянтты айланып кыйкырбай короо иштетсеңер болмок да!!! 

Же эмне, аны да Президент барып айдап эгип, сугарып, казып берсинби? 

Дунгандардын короосу менен кыргыздардын короосун салыштырсаңар... 

Мандем элде... бизде...

Жалкообуз... 

Азыр мурункудай жеп ичкенге болбой калган үчүн ызылдап жатышат көпчүлүк... 

Өлбөйбүз! 

Чыдайбыз!

Бир аз чыдасак, азыркы башталып жаткан иш-чаралар, долбоорлор толук ишке киришкенде айлык, пенсиялар да көтөрүлүп баштайт... 

Эң негизгиси, ага чейин чыдашыбыз керек!

Көнгөнбүз бирибизди-бирибиз тытып жеп оокат кылганга, азыр ошол система толук болбосо да аздап жоюлуп көбүбүз шабашкасы жок жалаң айлыкка отуруп калганыбыз үчүн гана кокуйлап жатабыз!

Чыдайбыз!

Чыдашыбыз керек!

Артка жол жок!

Эски системадан кудай сактасын!

Президентибиз Садыр Жапаровдун баардык демилгесин колдойбуз жана ишенебиз!!!


Бактыгүл Иманбек кызы

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн