Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бал терини тазалайт, жумшартат, азыктандырат

14.03.2024 09:29
215
Бал терини тазалайт, жумшартат, азыктандырат


Балды байыркы гректер терини тазалоо жана жашартуу үчүн колдонушкан. Ошондон ушул күнгө чейин балдын сулуулукту сактоодогу орду сакталып келет. Ал косметологияда беттин жана дененин терисине кам көрүүдө, чачтын кубаттуулугун сактоодо жана аны калыбына келтирүүдө колдонулат.


Майлуу тери үчүн маска. 1 чай кашык быштакка жарым чай кашык балды, 1 чай кашык сүттү же кефирди аралаштырасыз. Бетиңизди сүрүү менен масканы бетиңизге коёсуз. 30 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп, бетиңизди лимондун кесими менен сүртөсүз.


Бал суусу. Бир чоң кашык балды эки стакан жылуу сууга аралаштырасыз. Бул суу менен жатарда 5-7 мүнөттүн ичинде бетиңизди жууйсуз. Андан соң жылуу суу менен чайкап саласыз.


Бырыштын алдын алуу үчүн маска.1 жумуртканын сарысын жарым чай кашык бал жана 1 чай кашык глицерин менен аралаштырасыз. Бул масканы бетиңизге 20 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.


Витамин маскасы. 1 чоң кашык бал менен 1 жумуртканын сарысын аралаштырасыз. Ага ысык сүткө чыланган нандын ичин жана бир ампула А витаминин кошосуз. Жакшылап аралаштырасыз. Масканы бетиңизге 20 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууп саласыз.


Кургак тери үчүн маска. Жумуртканын сарысын бир чай кашык өсүмдүк майы менен аралаштырасыз. Бул аралашмага бычактын учу менен балды кошосуз. Масканы бетиңизге коюп, 10 мүнөт кармайсыз. Андан соң жылуу суу кошулган сүт менен жууп саласыз.  


Булак: “Азия Ньюс” гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн