Тогуздун айы 10, 2024
Убакыт: 22:52
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.870
0.915

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Шаардагы тыгын монорельс курулганда гана азаят”

02.10.2024 14:58
533
Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Шаардагы тыгын монорельс курулганда гана азаят”


- Балбак мырза, Бишкек шаардык мэриясы өз кызматкерлерине шейшемби жана бейшемби күнү ишке жеке унаалары менен келүүгө тыюу салбады беле, мындай чара баш калаадагы тыгын маселесин чечкенге канчалык жардам берди?


- Бул жөн эле популизм. Муну менен көйгөй чечилбейт. Мэриянын 50 кызматкери 50 машинасын минбей койсо, эмне болмок эле? Шаардагы мамлекеттик кызматкерлердин көп болсо 500 унаасы бардыр. Алар минбей койсо эмне тыгын азаябы? Ал деңиздин бир тамчысындай эле нерсе да. Тескерисинче, ал натыйжалуулукту түшүрөт. Мен дагы бир жолу айтып коёюн, он метрлик бир автобус эки микроавтобуска тете. Биз иштеп турганда Бишкекте 4500 кичи автобус линияга чыкчу. Болуптур, азыр алып салдыңар, миң автобусту алып кирдиңер. Ооба, жаркырап сонун көрүнүп атат, бирок бул тыгын маселесин чечпейт. Комфорт маселесин чечет, эл жакшы автобустарда жүрөт, ыш азаят. Бирок, тыгынды чечпейт да. Себеби, биринчиден, автобустардын токтоочу аялдамалары туура эмес. Экинчиден, убакыттары. Мисалы, Совет көчөсүнө кирсеңиз, бир светофор менен экинчи светофордун ортосунда отуз автобус турат. Бул болбойт! Саат сегизде бир автобус кирсе, он мүнөт өткөндөн кийин артынан экинчиси кириш керек. Жөнгө салып, кыймылды суунун акканындай кылыш керек. Бир автобус жүз миң доллар турат. Миң автобус 100 миллион доллар. Азыр “Бишкекке дагы 2 миң автобус апкелебиз” деп атышат. Бул 200 миллион доллар. Анын ордуна Ала-Арча менен Аламүдүн суусунун үстүнө монорельс салып койсо...


Бишкекте бир саатта 100 миң, кечке чейин 700-800 миң киши ташышыбыз керек. Анан аны... Бишкекте 415 миң машина бар. Чүйдөн (Кант, Сокулук жактан) 150-200 миңге жакын машина кирет. Муну бир гана монорельс менен чечебиз, башка жол жок. 


- “Баш калаага сырттан келген унаалардан акы алыш керек” деген да сунуштар айтылган. Бул чара канчалык натыйжа берет?


- Албетте, тыгын азайышы мүмкүн, бирок элге кыйынчылык алып келет, чөнтөгүнө урат. Монорельс курулса гана көйгөй чечилет. Ошон үчүн алдыдагы беш жылда монорельсти салышыбыз керек. 


- Ага каражатты каяктан алабыз?


- Айтып атпаймынбы, 2 миң автобус алып келишсе, 200 миллион доллар болот. Андан көрө, келгиле, ошол акчага монорельс салалы. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн