Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:12
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Балыкчыда балыкты башаламан саткан жайлар тазаланууда

19.07.2023 12:15
375
Балыкчыда балыкты башаламан саткан жайлар тазаланууда


Балыкчы шаарынын батыш тарабындагы айлампа жолдо балыкты башаламан саткан жайлар тазаланууда. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык билдирди.


Ысык-Көл облустук ЖКККБдин кызматкерлери тарабынан жол тыгындарын болтурбоо максатында шаар мэринин катышуусунда чаржайыт соода кылган сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.


Иш-чаранын жүрүшүндө сатуучулардын жол бөлүктөрүнө жакын жерде соода кылгандыктан автоунаалар иретсиз токтоп, анын кесепетинен жол тыгындары болуп жатканы баса белгиленген. Туристтик мезгил учурунда мындай терс көрүнүштөр келген меймандардын жолдо жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратары айтылган.


ЖКККББдин маалыматы боюнча, сатуучулар жагдайды туура түшүнүп, автоунаа жол жээктеринен алыстап, тоскоолдук жаратпаган жерге жылып соода кылууга макул болгон. Жол жээктердеги башаламан соода иштери токтотулган. Аталган аймактагы жол тыгындарын болтурбоо иштери кошумча көзөмөлгө алынганы кошумчаланды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн